Тажикстанда сел 13 кишинин өмүрүн алып кетти

Кечээки кырсыкка нөшөрлөгөн жамгыр себепкер болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Тажикстанда сел 13 кишинин өлүмүнө себепкер болгону өлкөнүн президентинин сайтында айтылат.
11 адам Вахдат, эки киши Рудаки райондорунан кайтыш болгон. Мындан сырткары, беш көпүрөнү, айылдар ортосундагы жолдорду, селден коргоочу курулуштарды суу алып кеткен.
Учурда Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кырсыктын кесепети менен күрөшүп жатканы айтылды.
Түптүн дагы үч айылында катуу сел жүрдү. Видео