БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Нарын районунда жер мунапысынын алкагында тургундарга кызыл китеп берилип, жерлерди мыйзамдаштыруу улантылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында министрлер кабинетинин "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Нарын районунун Учкун, Куланак, Сары-Ой, Эмгекчил, Оттук, Эчки-Башы, Ак-Кудук, Кайыңды, Дөбөлү айылдарынын 36 тургунуна жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди.