"Күжүрмөн боордоштук – 2023". Кыргызстандын аскердик контингенти Беларуска барды

Машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти биргелешкен стратегиялык-оперативдик "Күжүрмөн боордоштук – 2023" машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барды. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Беларусь жана Россия мамлекеттери катышат. Республикадан 80ге чукул аскер бара турганы айтылган.
1 / 3

КР Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти биргелешкен стратегиялык-оперативдик "Күжүрмөн боордоштук – 2023" машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска барды

2 / 3

Иш-чарага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Тажикстан, Беларусь жана Россия мамлекеттери катышат

3 / 3

Машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларустун аскер полигонунда өтөт

Машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларустун аскер полигонунда өтөт.
Аскердик бул иш-чара Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун аскердик күчтөрүнүн ар кыл бөлүктөрүн бириктирет:
ЖККУнун Тез арада аракетке келүүчү Жамааттык күчтөрүнүн "Взаимодействие-2023" деп аталган биргелешкен машыгуусу. Алар Чыгыш Европа аймагындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн күчтү жана каражатты колдонуу боюнча тапшырмаларды аткаруу ыкмаларын иштеп чыгат;
ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн чалгын каражаттары жана күчтөрү менен "Поиск-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;
ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин (жамааттык күчтөрүнүн) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;
ЖККУга мүчө мамлекеттердин радиациялык, химиялык, биологиялык коргонуу жана медициналык камсыздоо боюнча түзүмдөрү менен биргелешип "Барьер-2023" машыгуусун өткөрүү.
Ысык-Көлдө кыргыз-казак аскерлери машыгуу өткөрүүдө. Жеринен тартылган 14 сүрөт