Гепатитке каршы эмдөө Кыргызстанда 2000-жылдан башталган. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 23 жаштан 65 жашка чейинкилер гепатитке каршы эмделиши шарт.
"Кыргызстанда гепатитке каршы эмдөө 2000-жылдан башталган. Учурда алар 22-23 жашта жана алардын арасында аталган ооруга чалдыккандар дээрлик жокко эсе. Болсо да алар эмдөөдөн баш тарткандар болуп саналат. Ошондуктан бүгүнкү күндө 23 жаштан 65 жашка чейинкилердин гепатитке каршы эмделиши шарт. Мунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү кажет. Тилекке каршы, айрым жаштар интернет булактарынан тастыкталбаган маалыматтарды окуп, эмдөө боюнча терс пикирлер жаралууда. Жадагалса медицина жаатында иштеген өзүмдүн эле кесиптештеримде да бул боюнча терс ойлор бар. Мунун баары туура эмес маалымат алып жаткандыктан келип чыгууда. Ошол үчүн эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу соңку жылдары мугалимдер арасында көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардан окуучуларга жана ата-энелерге маалымат берүүсүн суранып жатабыз. Ошондой эле ден соолукту чындоо борборлору да бул жаатта катуу иштеп келет", — деди Ишенапысова.
Ал, тилекке каршы, айрым ата-энелер вакцина албаган балдардын чарчап калганын уккандан кийин гана бул нерсеге маани бере баштаарын кошумчалады.