БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 24-августта бийликке багынып бергенден кийинки убактан бери кайрымдуулук иретинде 7,1 миллион доллар чогулткан. Бул туурасында РИА Новости Politico гезитине таянуу менен жазды.
Саясатчынын шайлоо штабынын маалыматына ылайык, 25-августта эле Трамптын шайлоо кампаниясы үчүн 4,18 миллион доллар жыйналган.
Мурдагы президент Жорджия штатынын Фултон округунда бийликке формалуу түрдө багынып бергенден кийин интернет-аянтчасында анын абактагы сүрөтү чапталган футболка, плакат жана наклейкалар сатыкка чыккан. Муну анын шайлоо кампаниясы уюштурганы айтылат.
Товарларда "эч качан артка чегинбегиле" деген слоган коюлган, баасы 12ден 34 долларга чейин болгон. Соңку бир нече жумадан бери Трамптын штабына 20 миллион доллардай чогулган. Абактагы сүрөтү чапталган товарлар чыккан күнү эң көп сумма түшкөнү белгиленди.
Трамп бейшемби күнү Жоржия штатындагы абакка барган. Анда 2020-жылы президенттик шайлоону “рэкетирлик” жол менен жеңүү аракетине карата козголгон кылмыш иши каралган. Экс-президент камакка алуу учурунда сүрөткө түшүп, аны Фултон округунун шерифи жайылтып жиберген. Саясатчы жарым саат абакта отуруп, алдын ала сүйлөшүлгөн 200 миң долларлык күрөөнүн негизинде чыгып кеткен.