Бишкекте муфтияттын жаңы имараты ачылды. Видео

Жаңы кеңсе имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин жанында курулган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы башкы кеңсеси ачылып, пайдаланууга берилди. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ачылыш аземине бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов катышты. Ардак конок катары Казакстандын, Өзбекстандын муфтийлери жана Россия муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары келген.
Муфтияттын баш кеңсеси Бишкектеги имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин жанына курулган. Аны бажыдагы коррупциялык иштер менен соттолгон Райым Матраимовдун "Исмаил ата" фонду куруп бергени маалым.
1 / 3

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы башкы кеңсеси ачылып, пайдаланууга берилди

2 / 3

Ачылыш аземине бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов катышты

3 / 3

Ардак конок катары Казакстандын, Өзбекстандын муфтийлери жана Россия муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары келген

Көпчүлүккө Райым-миллион деп таанылган Райым Матраимов 2020-жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Сотто күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгон. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
Жаңы Ак үйдү куруп жаткан компанияга 25 гектардан ашык жер менчикке берилди