БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
27-сентябрдан 2-сентябрга чейинки божомолдо көпчүлүк аймактарда күндүн илеби кайтып, жаан-чачын жаай турганын байкоого болот.
Бишкекте 27-августта күндүз жана 1-сентябрда түнкүсүн, ошондой эле 28-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Чүй
Аймакта 27-28-августта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми 31-августта жана 1-2-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Талас
27-августта күндүз жана 28-августта айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. 29-30-августта күн ачык болот. 31-августта жана 1-сентябрда тоолуу райондордо жаан жаайт, дыйканчылык аймактарда жаабайт. 2-сентябрда күн ачык болот.
Баткен, Жалал-Абад, Ош
Аймактарда 27-28-августта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 29-31-августта күндүз тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. 1-2-сентябрда кээ бир жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Облустарда 27-28-августта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет.
Ысык-Көл
27-28-августта кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 30-31-августта күн ачык болот. 1-2-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Нарын
Бул аймакта дагы жуманын башында, 27-28-августта, кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 31-августта күндүз жана 1-сентябрда айрым жерлерде жаан жаайт. Калган күндөрү күн ачык болот.