Евгений Пригожиндин өлүмү тастыкталды

Шаршемби күнү кечинде Тверь облусунда ичинде 10 адам бар менчик Embraer Legacy учагы кулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. РФтин тергөө комитети генетикалык-молекулярдык экспертизанын жыйынтыгы Тверь облусунда учак кырсыгынан курман болгон 10 адамдын баарынын өздүгүн тастыктаганын билдирди. Алар буга чейин берилген тизме менен дал келген.
Шаршемби күнү кечинде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тверь облусунда ичинде 10 адам бар (үчөө экипаж мүчөлөрү) менчик Embraer Legacy учагы кулаганын билдирген. Маалыматта баары каза тапканы айтылган.
Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде жеке аскердик "Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин аты-жөнү бар экенин маалымдаган. Авиакырсыктын себеби изилденип жатат.
Кырсыктаган самолет бизнес-ташууларды аткарып келген "МНТ-Аэро" компаниясына таандык экени белгилүү болгон.
Тагдыры оор болду. Владимир Путин Евгений Пригожинди эскерди