Австралиядагы аралда АКШнын 20 деңиз аскери машыгып жаткан тик учак кулады

Машыгуу беш өлкөнүн аскерлеринин катышуусунда өтүп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. АКШнын 20 деңиз аскери отуруп бараткан V-22 Osprey тик учагы машыгуу учурунда Австралиядагы деңиздин жээгине кулады. Бул туурасында РИА Новости Sky News Australia телеканалына шилтеме берүү менен жазды.

"Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө тик учак Мелвилл аралынын жака-белине кулап түштү. Predators Run машыгуусуна Австралия, АКШ, Индонезия, Филиппин жана Чыгыш Тимордун аскерлери катышып жаткан", — деп жазды телеканал өздүк булактарына таянып.

Бортто АКШнын болжол менен 20 деңиз аскери болгону белгиленди. Кырсыктын кесепетинен каза тапкандар болушу мүмкүн. Экипаждын мүчөлөрү дайынсыз жоголду деп жарыяланды.
Июль айынын соңунда Америка жана Австралиянын куралдуу күчтөрүнүн Talisman Sabre машыгуусунда дагы MRH-90 Taipan тик учагы кулап, төрт австралиялык аскер набыт болгон. Мындан улам машыгуу токтотулуп, жоокерлерди издөө иштерин уюштурушкан.
Малайзияда учак трассадагы автоунаа менен мотоциклге кулады. Кырсыктын видеосу