Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Евробиримдикте Украинанын келтирген зыянынан улам коңгуроо кагылууда

Макалада антироссиялык санкциялар ЕБге чоң зыян алып келди деген пикирге кошулган эксперттердин саны улам көбөйүп баратканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Европалык компаниялардын банкроттук деңгээли акыркы жылдары туу чокусуна жетти, бирок Евробиримдик өз экономикасына сыртын салып Украинаны каржылоосун улантууда. Бул тууралуу PressTV жазганын РИА Новости кабарлады.
"Европа биримдиги Россияга каршы согушуп жаткан Украинага курал-жарак жөнөтүүнү улантууда. Ал эми Европа өлкөлөрүндөгү бизнес болуп көрбөгөндөй жоготууга учурап жатат", — деп айтылат макалада.
ЕБдин тышкы саясат боюнча расмий өкүлү Петер Стано маегинде биримдик Киевге "канча керек болсо ошончо" колдоо көрсөтүүнү улантарын айткан. Ал эми басылма саясатчы мындай пикири менен болгону Европадагы жашоонун кымбаттаганына байланышкан кооптонууну басаңдата алганын белгиледи. Макалада, мындан тышкары, антироссиялык санкциялар ЕБге ири зыян алып келди деген пикирге кошулган эксперттердин саны улам көбөйүп баратканы айтылат.
Батыш мамлекеттери Москвага санкция киргизип, россиялык отундан баш тарткандан кийин энергоресурстун кымбатташына туш болушкан. Күйүүчү майдын, өзгөчө газдын баасынын көтөрүлүшү менен Европанын өнөр жайы катуу жабыркап, мунун таасири экономиканын башка тармактарына да тийген. Буга кошумча АКШ менен Европа мамлекеттерин инфляция муунтуп турган чагы. Мындай рекорддук көрсөткүч он жылдап боло электиги айтылууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Баарын Украинага айырбаштап... АКШ союздаштарынан ажыраганын моюндоодо