БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Швеция бийлиги Дания сыяктуу диний китептерди өрттөөгө тыюу салууну пландаган жок, мындай учурда Конституцияны өзгөртүүгө туура келет. Бул тууралуу Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
"Курч кырдаалга дуушар болгон ар бир өлкө аны менен күрөшүүнүн түрдүү жолун тандайт. Мен Даниянын азыр жасаган ишин абдан сыйлайм. Даниядагыдай кылуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек, андыктан Швеция үчүн бул ылайыктуу жол эмес", — деген Кристерссон.
Өз кезегинде Швециянын оппозициясынын лидери Магдалена Андерссон Даниянын мындай чечими өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутат деген пикирин билдирген.
"Ушул убакка чейин Куран кризисинде Швеция менен Дания бири-бирин колдоп келишкен. Даниялыктар мыйзамдарын өзгөртсө, биз өтө аялуу абалда калабыз. Анда эле дүйнөнүн көңүлү бизге бурулат", — деген Андерссон.
Буга чейин Даниянын юстиция министри Петер Хуммельгор өлкөнүн өкмөтү чет элдик диний мааниге ээ предметтерди кордоого тыюу салууну көздөп жатканын билдирген.
Жайында Швеция менен Данияда Ыйык Куранды өрттөө акциялары өткөн. Ислам кызматташтык уюму жана анын көптөгөн мүчөлөрү мындай чагымчыл иш-чараларды кескин айыптаган.