ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эли Кыргызстанда жеңилдетилген меджардамды кантип алат?

Уюмга кирген өлкөлөрдүн жарандары кыргызстандыктар сыяктуу эле жардам ала алат, бирок шарттары бар.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстанда иштеп жүргөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жеңилдетилген медициналык кызматтарды алууга укуктуу. Бул тууралуу өлкөнүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (МККФ) маалымат кызматы билдирди.
Алар кыргызстандыктарга коюлган эреже жана шарттардын негизинде толук өлчөмдө медициналык тейлөө менен камсыздалары белгиленди. Иштеп жаткан учурда милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөр алынат да автоматтык түрдө камсыздандырылган жаран болуп таанылат. Анын негизинде жеңилдетилген медициналык кызматтардан пайдаланууга укук берилет.
Ошондой эле анын КРде туруктуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү да 1722 сомго полис алып, бейтапканаларга катталып койсо болот.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин банктардан, мобилдик капчыктардан жана МКК фондунун аймактык башкармалыктарынан ала алат. Полис беш жумушчу күндөн кийин күчүнө кирет.
Ал эми ЕЭАБ өлкөлөрүнүн камсыздандырылбаган жарандары, медкызматтар үчүн чет элдиктер категориясы боюнча бекитилген тариф менен акча төлөйт.
Эгер маселе жаралса Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 түз байланыш номери аркылуу маалымат алуу сунушталат. Бардык мобилдик операторлордон чалуу акысыз.
ЕАЭБде секирик жасаган технологияларды иштеп чыгуучу программалар кабыл алынды