Жарым кылымда 12 миң адис даярдаган. Авиациялык институтка 50 жыл толду

Быйыл борбор калаадагы Авиациялык институттун 50 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги учкучтарды даярдаган окуу жайдын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
СССРдин Жарандык авиация министрлигинин буйругу менен 1973-жылы Фрунзе авиация техникалык училищеси ачылган. Алгач ал жактан жарандык авиациядагы техника, учактарды оңдогон техниктер гана даярдалса, өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин учкуч, диспетчер, борт коштоп жүрүүчүлөр, кошумча техникалык адистер окутулган.
Борбор Азиядагы республикалардын ичинен биринчилерден болуп ачылган окуу жайда чет өлкөлүк студенттер да билим алган. Советтик республикалардан сырткары, Куба, Ангола, Монголия, Вьетнам, Гвинея, Мадагаскар, Афганстан, Мозамбик, Нигерия, Кампучия, Иордания, Йемен, Малиден бери жүздөгөн жаштар келип окуган. Азыр аталган окуу жай СССРдин эң биринчи эмгек сиңирген пилоту, өлкөнүн жарандык авиациясынын башында турган Ишембай Абдраимовдун ысымын алып жүрөт. Институт 50 жылда 12 миңдей кесип ээсин даярдаган.
1 / 16

Фрунзе авиациялык техникалык училищесинин курсанттары МИ-8мт тик учагы менен практикалык сабак өтүүдө. 1992-жыл

2 / 16

Ант берүүгө даярданган курсанттар. Фрунзе шаары, 1979-жыл

3 / 16

Окуу жай башында негизинен техниктерди даярдап чыгарчу. Сүрөттө курсанттар учактын гидравликалык системасын өздөштүрүүдө

4 / 16

Кубалык жаштар: Г. Чаман, Р. Рамирео жана Д. Хартман практикалык сабакта. 1978-жыл

5 / 16

Фрунзе авиация-техникалык училищеси союз маалында чет элдиктер арасында өтө популярдуу болгон

6 / 16

Учактын техникалык эксплуатациясын, коопсуздук эрежелерин жаштарга үйрөткөн Икрамов. 1984-жыл

7 / 16

Учкуч болууну эңсеген чет элдик студенттер Фрунзе авиация-техникалык училищесинде

8 / 16

Кыргыз ССРинде билим алган жаштар башка союздук республикаларга ишке жөнөтүлгөн

9 / 16

Кийин институт болгон окуу жай учкуч, диспетчер, борт коштоп жүрүүчүлөрдү да даярдай баштаган

10 / 16

Жаштарга учактын кыймылдаткычын изилдөөнү үйрөткөн Мирошниченко. Фрунзе шаары, 1980-жыл

11 / 16

Фрунзе авиация-техникалык училищесинин өзүнүн учактары, аэродрому болгон

12 / 16

Союз маалында чет элдик 600дөн ашык курсант ушул жактан кесипке ээ болгон

13 / 16

Борбор Азиядагы республикалардын ичинен биринчилерден болуп ачылган окуу жайга азыр дагы суроо-талап жогору

14 / 16

Жарандык авиация тармагы үчүн даярдалган авиаторлор башка республикаларда иштеген

15 / 16

Советтер Союзундагы республикалардын ичинен алгачкылардан болуп СССРдин эмгек сиңирген пилоту болгон Ишембай Абдраимовдун ысымы окуу жайга ыйгарылган

16 / 16

Азыр ЖОЖ кесипкөй адистерди ата мекен авиация тармагы үчүн даярдап келет

Тема боюнча:
Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
Кыргызстандын аскердик авиациясына 64 жыл толду. Сүрөт баян
ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер