ДССУ дүйнө жүзүндө коронавирус көбөйүп жатканын билдирди

Анткен менен инфекциядан каза тапкандардын саны азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө 24-июлдан 20-августка чейин коронавирус инфекциясынын жаңы 1,5 миллион учуру катталган, бул ага чейинки 28 күнгө салыштырмалуу 63 пайызга көп. Мындай маалыматты РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме берип таратты.
Бирок оору өскөнү менен инфекциядан каза тапкандардын саны азайган.
Уюмдун маалыматы боюнча, коронавирус ДССУнун беш аймагынын үчөөсүндө — Европада, Тынч океанынын батыш аймагында, Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында көбөйгөн. Ал эми Африка менен Түштүк-Чыгыш Азия аймагында илдеттин азайганы байкалган.
ДССУ 10-августта коронавирустун омикрон-штаммынын EG.5 варианты тездик менен тарап жатканын, бирок анын ден соолукка коркунучу азыраак экенин билдирген болчу.
ДССУ медицина кызматкерлеринин системасында кризис башталганын айтты