Быйыл жаңы окуу жылына өлкө боюнча 2 353 мектеп даяр. Бул тууралуу Кыялбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 1,5 миллионго жакын мектеп окуучусу бар.
"Учурда билим берүү сапатын жогорулатуу максатында күн сайын вебинарлар өтүлүүдө. Ага өлкө боюнча 74 миңден ашык мугалим жана тарбиячы катышып жатат. Быйыл жалпысынан 2 353 мектеп жаңы окуу жылына даяр. Анын 191и жеке менчик мектеп болуп саналат. Өлкө боюнча 1,5 миллионго жакын мектеп окуучусу бар. Биринчи класстын босогосун 150 миңден ашык бала аттаганы турат. Ал эми жылдын аягына чейин 100 мектеп ишке кирет. Анын ичинен 36 жаңы мектеп 1-сентябрда окуучулар үчүн эшигин ачат", — деди Акматов.
Ал бүгүнкү күндө мектептерге 698 мугалим жетишпей турганын кошумчалады.