Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат

Мурда эл ары-бери каттаганда жалпы жарандык паспортту гана пайдаланып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. 1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки мамлекеттин аймагына ID-карта менен кирип чыга алат. Бул тууралуу ТИМден кабарлады.
"2023-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картаны колдоно алышат", — деп айтылган маалыматта.
Эки мамлекеттин жарандарынын чек арадан өтүү жол-жобосун жеңилдетүү максатында протоколдун долбоору былтыр декабрь айында сунушталган.
Ал эми быйыл апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен чек арадан өтүү боюнча эл аралык келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү бекиткен. Андан бир айдан соң Жогорку Кеңеш аталган мамлекеттердин жарандарына чек арадан ID-карта менен өтүүгө уруксат берүү боюнча эл аралык келишимди жактырган.
Документте төмөнкүдөй маанилүү эки пункт бар:
буга чейин чек арадан жалпы жарандык паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болсо, эми ID-карта жетиштүү;
буга чейин 16 жашка чейинки балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген атайын кошумча кагаз алышы керек болчу. Эми бул норма алып салынды, балдарга жалпы жарандык паспорт колдонулат.
Кыргызстан Казакстанды айланып өтүп, Россия менен соода жүргүзө алат