Күн сууктап, сел жүрөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда мал кармоону жана айыл чарба жумуштарын кыйындатары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. – Sputnik. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 27-28-августта өзгөрүлмөлүү аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
ӨКМ кокту-колоттордон топтолгон селди алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону сунуштайт.
"28-29-августта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус болот", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, айрым жерлеринде 0…-2 градус суук, күндүз 13…18ге жетет.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градуска чейин болушу күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда мал кармоону жана айыл чарба жумуштарын кыйындатат.
Күздүн башында суук түшөбү? Сентябрга карата аба ырайы