БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында эхинококкоз боюнча бүткүл дүйнөлүк XXIX конгресс өткөрүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, масштабдуу иш-чарага 100дөн ашык чет элдик илимий ишмерлер, практикалык кызматкерлер жана Кыргызстандын булуң-бурчтунан эхинококкоз менен иштеген адистер келет. Конгресс 28-августта башталып 30-августка чейин уланат. Департамент аны өткөрүүгө саламаттык сактоо тармагындагы бир катар мекемелер эки жылдан бери даярдык көрүп келишкенин белгиледи. Мында адистер эхинококкоз боюнча кенен тажрыйба алмашуулар болот деп эсептешет.
"Эхинококкоз мите курт оорусу болуп саналат. Дарт өтүшүп кетсе адам майып болуп калышы ыктымал, өлүмгө да дуушар болушу мүмкүн. Аталган оору акыркы 15 жылда республикадагы эң актуалдуу маселелердин бири болууда. Жылына 900-1000 адамга операция жасалат. Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан республикабыздын бардык аймактарында бул оору кездешет. Саламаттык сактоо министрлиги эхинококкоз менен күрөшүүнү улантып келе жатат. Биринчи эле максатыбыз — жарандарыбызды өз убагында профилактикалык жана диагностикалык текшерүүдөн өткөрүү, ооруларды өз убагында аныктоо жана дарылоо", — деп билдирген саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.