Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Бишкекте өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны үстүбүздөгү жылдын 26-27-октябрында Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Кечээ Армениянын Цахкадзор шаарында ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезексиз жыйыны болду. Анда Акылбек Жапаров ЕАЭБдин өз ара соодасындагы тоскоолдуктарды толугу менен жоюп, жүктөрдү текшерүү иш-чараларынан баш тартуу керектигин айткан.
Жыйындын жүрүшүндө биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилдеги стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана маанилүү багыттары жөнүндө декларациянын долбоору боюнча пикир алмашкан.
Мишустин: ЕАЭБ жаңы өнөктөштөр үчүн ачык бойдон калууда