Кыргызстан балдарды рактан дарылоого көмөктөшкөн дүйнөлүк платформага кошулат

Онкология оорусуна кабылган балдар. Архивдик сүрөт
Кирешеси төмөн жана орто мамлекетте рак илдети көп катталары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулууга ниеттенүүдө. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстанда рак оорусуна көзөмөлдү жакшыртуу боюнча миссиясы Бишкекке келген. Анын алкагында аталган демилгеге Кыргызстандын кирүүсүн талкуулоо боюнча тегерек стол өткөн.
"Өлкөдө 2022-жылы 180 бала онкология менен катталса, ага чейин жыл сайын 120га жакын бала аныкталчу. Биз диагностикалык методдорду, аныктоо куралдарын өркүндөтүү, техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш жүргүзүп жатабыз. Дары-дармектерди ачык бөлүштүрүү үчүн онкологиялык бейтаптардын санариптик реестри түзүлөт. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулуу ниетинде. Бул — баласынын илдетине байланыштуу оор сыноолорду башынан өткөрүп жаткан ата-энелерге үмүт берүү үчүн жасалган кадам", — деди Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.
Глобалдык демилге тууралуу министрликтин маалыматы
Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 400 миңге жакын бала (0-19 жаштагы) рак оорусуна чалдыгат. Анда 10 баланын дээрлик 9у кирешеси төмөн жана орто мамлекеттерде жашай турганы аныкталган. Рак жыл сайын 100 миңге жакын баланын өмүрүн алат.
Ушуга байланыштуу Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы 2018-жылы балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгени ишке киргизген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен бирге платформасын түзгөн. Ал 2030-жылга чейин ракка чалдыккан балдардын жашап кетүү көрсөткүчүн 60 пайызга дейре жогорулатууга багытталган. Ошондой эле аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө балдардын рак ооруларын дарылай турган дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берген алгачкы дүйнөлүк платформа.
Гепатитке кан анализи жүргүзүлгөн лаборатория. Архив
Дарылабаса ракка айланат. Медиктер гепатитке акысыз текшерүүдөн өтүүгө чакырды