"Ала-Тоо" аянты 31-август күнү автоунаалар үчүн жабылат

Мэрия айдоочуларга каттамды алдын ала пландап алууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Башкы аянтта негизги майрамдык иш-чаралар өтөт. Коопсуздукту камсыздоо максатында саат 17:00дөн 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат.
Мэрия айдоочуларга каттамды алдын ала пландап алууну сунуштады.
Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте өтчү иш-чаралардын тизмеги