26-августка карата аба ырайы

26-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ишембиде күндүз бийик тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +25...+30 жана Нарында +21...+26 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 жана Ош шаарында +34...+36 градусту көрсөтөт.
Күн сууктап, сел жүрөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты