Радио

Жаңы окуу жылына 36 мектеп пайдаланууга берилет

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин маалыматтык-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Нуржан Исаева курулуш "Санарип карта" долбоору менен көзөмөлдөнөрүн айтты.
Sputnik
1-сентябрга карата 36 мектептин курулушу бүтүп, колдонууга берилет. Кээ бир объектилерде куруучулардын жетишпестигине байланыштуу иш жай жүрүп жатат. Бул тууралуу Нуржан Исаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда республиканын 44 районунда социалдык объектилердин курулушу кызуу жүрүп, жыл аягына чейин 100 мектеп бүтөт.
"Жыл соңуна чейин 100 мектептин курулушун бүтүрүү планы коюлган. Учурда республиканын 44 районунда социалдык объектилердин курулушу кызуу жүрүп жатат. Мамкурулуштун жетекчиси иш процесстери менен жеринен таанышып келди. Өлкө боюнча мектептердин салынышы "Санарип карта" долбоору аркылуу көзөмөлгө алынып жатат. Анда жалпы абалды онлайн байкап турууга мүмкүн. 1-сентябрга карата 36 мектептин курулушу бүтүп, колдонууга берилет. Кээ бир объектилерде куруучулардын жетишсиздигине байланыштуу иш жай жүрүп жатат. Бирок ал көйгөйдү чечүү аракеттери жасалууда", — деди Исаева.
Ошондой эле адис мектеп, бала бакчаларды куруп жаткан подрядчы уюмдардын ишмердүүлүгү да текшерилип, курулуштун сапатына көңүл буруу талабы коюлуп жатканын кошумчалады.