Тагдыры оор болду. Владимир Путин Евгений Пригожинди эскерди

Өлкө башчы окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Тверь шаарынын жанындагы авиакырсыкта көз жумган Евгений Пригожинди эскерди.
Анын айтымында, Пригожинди 90-жылдардын башынан бери таанычу.

"Бул адамдын жашоосу оор болгон, турмуштук сыноолорду башынан кечирди. Жакшы ийгиликтерге жетип жатты. Таланттуу адам, бизнесмен эле, өлкөдө гана эмес, чет мамлекеттерде да иштеди", — деген Россиянын башчысы.

Путин Твердеги авиакырсыктан көз жумгандардын жакындарына көңүл айткан.
"Алардын ичинде "Вагнер" компаниясынын кызматкерлери бар эле. Бул адамдар улутчулдук режимге каршы күрөшүүгө жигердүү салым кошушту. Биз муну унутпайбыз", — деген ал.
Өлкө башчы окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, кечээ кечинде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тверь облусунда ичинде 10 адам бар (үчөө экипаж мүчөлөрү) менчик Embraer Legacy учагы кулаганын билдирген. Маалыматта баары каза тапканы айтылган.
Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде жеке аскердик "Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин аты-жөнү бар экенин маалымдаган. Авиакырсыктын себеби изилденип жатат.
Кырсыктаган самолет бизнес-ташууларды аткарып келген "МНТ-Аэро" компаниясына таандык экени белгилүү болду.
Тверде кулаган Embraer Legacy учагынын ичиндегилердин аты-жөнү жарыяланды