Путин БРИКС саммитинде бирдиктүү эсептешүү валютасы тууралуу айтты

Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. БРИКСтеги бирдиктүү эсептешүү валютасы боюнча маселе татаал, бирок экономикалык биримдиктин өлкөлөрү бул багытта алдыга жыла бермекчи. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин айтты.
Ал БРИКС саммитин жыйынтыктап, ЖМКларга видеобайланыш менен билдирүү жасады.
"Азыр жаңы эле бразилиялык кесиптешибиз Лула да Силва баарыбыз үчүн маанилүү болгон бир катар учурларды белгилеп өттү. Алардын ичинен мен, албетте, бирдиктүү эсептешүү валютасы боюнча маселени бөлүп карамакчымын. Бул татаал суроо, бирок эмне болгон күндө да биз муну чечүү үчүн алдыга жыла бермекчибиз", — деди Путин.
Россия президенти дагы бир пункт мамлекеттер арасындагы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү боюнча эсептешүүнү уюштурууга тиешелүү экендигин кошумчалады.
Америка БРИКСтен эмнеге чочулап жатат. Сенатордун ачыктамасы