Радио

Мамытов: Кытай менен алака түзүүдө стратегиялык программалар керек

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илимий-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Кыргызстандын Кытай менен экономикалык алакаларды чыңдоодо эмнеге көңүл буруусу зарылдыгына токтолду.
Sputnik
Синьцзян-Уйгур автономиялуу району Кытай үчүн соңку жылдары маанилүү болуп баратат. Анткени, биринчиден, бул жерлерде газ, мунай кору кенен экен. Экинчиден, учурда АКШ Кытайды өзүнүн бирден-бир стратегиялык атаандашы экенин ачык эле айта баштады. Мунун артында Кытай Батышка товарларын кеме аркылуу жеткире албай калуу коркунучу турат. Мындай болгон кезде биз, Казакстан, Россия аркылуу кургактан жол салуу Кытайдын негизги пландарынын бири. Ошондуктан Синьцзян Кытай үчүн стратегиялык маанилүү аймакка айланып бара жатат. Мындай божомолун Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытайга болгон соңку иш сапары Кыргызстан үчүн өтө маанилүү.
"Синьцзян-Уягур автономиялуу району соңку жылдары Кытай үчүн стратегиялык аймакка айланып баратат. Өлкөнүн чыгышынан ушул тарапка келип отурукташкан ири компаниялар да көбөйүүдө. Мунун баары Кытайдын стратегиялык пландарына кирет. Анткени учурда жүрүп жаткан геосаясий абалдан улам АКШ деңиз жолун бөгөп койсо Кытай Батышка товарларын Кыргызстан, Казакстан жана Россия Федерациясы аркылуу жеткирет. Бул үчүн алар чоң-чоң инвестицияларды жумшоого даярдыгын ачыкташты. Биздин өкмөт башчынын Кытайга болгон соңку иш сапары мына ушул экономикалык багыттан алып караганда чоң мааниге ээ. Бирок калк арасында Кытай менен алака түзүүдө чочулоо бар. Ал да жөндүү десек болот. Анткени Кытай Эл Республикасынын багыты аныкталаган, бир топ жылга мерчемделген стратегиялык планы бар жана аны кыйшаюусуз аткара турган башкаруу механизми иштейт. Ал эми бизде ачык экономикалык рынок. Ошондуктан ким менен алака түзүп жатканыбызды эске алып, өкмөт олуттуу стратегиялык иш пландарды буга чейин иштеп чыгышы зарыл болчу. Эл мындай стратегиялык концепцияларды көрбөгөндүктөн бир аз кооптонуу болуп жатат. Бирок коркуп отура бербей мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып калышыбыз абзел. Кыргызстан бир эле транзиттик мамлекет эмес, Кытайдын товарларын бизден чыгара турган ири өндүрүштүк ишканаларды куруп, аны иштетүүдө өзүбүздүн адистерди окутуп, үйрөтүүгө кошо жетишишибиз керек. Эгер өкмөт тарабынан мына ушундай чоң-чоң стратегиялык пландар болсо, экономикалык алакаларды чочулабай эле жүргүзө берсек болот", — деди Мамытов.
Ал Батыштын глобалдаштыруу экономикалык системасын колдонбой, өнүккөн Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн (Япония, Түштүк Корея, Филиппин — ред.) моделин пайдалануу менен Кыргызстандын экономикасын көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.