БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан менен болгон чек арадагы кырдаал боюнча маалымат берди.
Саат 12.00гө карата кырдаал:
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында – 379 фура (бир сутка мурда 493);
"Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү жайында — 89 ( 146 болчу);
"Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайында — 73;
"Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайында — 73.
Кечээ Чек ара кызматы эки көзөмөл-өткөрүү жайындагы автоунаалардын саны тууралуу билдирген.
Ведомство алар тараптан эч кандай чектөөлөр коюлбагандыгын айткан.
Чек арадагы фуралардын өтө албай топтолуп калышы боюнча 22-августта Казакстандан комментарий беришкен. Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев баңгизатты аныктоо боюнча операция болуп, Чек ара жана Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айткан. Ал "коммерциялык жүктөр боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун" билдирген.
Ал эми кечээ аталган кырдаалга байланыштуу ЕЭКтин комиссиясы келери айтылган. Бул боюнча тиешелүү сурамды Кыргызстандын Экономика министрлиги Евразиялык экономикалык комиссияга (ЕЭК) жөнөткөн.
Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) — Евразиялык экономикалык биримдиктин атайын иштеп, маселелерди жөнгө салып турган органы.