Кара-Суу: чырдаша кетип кош бойлуу аялына бычак урган эркек кармалды

Кош бойлуу аял. Архив
Жабырлануучуну туугандары Ош облустук төрөт үйүнө жеткизишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда кош бойлуу жубайына бычак урган деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Кечээ, 23-августта, түнкү саат 23:30дар чамасында Кара-Суу РИИБине кош бойлуу келин оор жаракат менен ооруканага кайрылгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Бул факт маалыматтык-электрондук журналга катталып, текшерүү иштери башталган. Анда Кара-Суу районунун 40 жаштагы тургуну Л.И. өз үйүндө пикир келишпестиктен улам 33 жаштагы С.И аттуу аялын учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. Жабырлануучуну туугандары Ош облустук төрөт үйүнө жеткизишкен.
Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Күбөлөр суралууда.
Бул окуя боюнча кош бойлуу аялды өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен иш козголуп, кылмышка шектелген күйөөсү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кылмыштуу чөйрөдө Коён каймана аты менен белгилүү Н.М. аттуу жаран Ош шаарындагы бассейнде отурган жаранга бычак урууга шектелип кармалды
Ошто арматура менен сабалган Коён бассейндеги жигитке бычак урган деп кармалды