"Соңку бир жарым айдын ичинде 30дан ашык айдоочу биздин мекемеде иштөөгө кабыл алынды. Автобус айдайм дегендердин саны күн санап өсүүдө. Мурда жаңы автобустар келет, аны айдаганга кишилер керек десек көп киши ишенчү эмес. Эми келип жаткан автобустарды көрүп эл да ишене баштады. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан автобустардын айдоочулары бар. Бирок жаңы келген коомдук транспортторду башкарганга адам керек. Жакынкы аралыкта бардык автобустар айдоочулар менен камсыз болот деп ойлойм. Буга чейин айдоочулардын айлыгы 20-25 миң сомду түзсө, "Тулпар" картасы иштеп баштагандан соң 50 миң сом болору күтүлүүдө. Айдоочулардын колуна 40 миң сом тиет десек туура болот. Анткени 10 миң сомдой салыкка кетет. Учурда экономисттер иштеп, түшкөн каражатты эсептеп жатат. Ошого жараша айдоочулардын маянасы дагы жогорулашы мүмкүн. Айрымдар 40 миң сом бир айга жетпейт деп жатышат. Биз кийинки этаптарда айлык акы мындан да жогорулайт деп жатабыз. "Тулпар" картасы көптөгөн кырсыкты алдын алат. Буга чейин айрым айдоочулар жүргүнчүлөргө акча кайтарып берем деп унааны сүзүп алган окуялар болуп келген", — деди Хакимов.