БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Аргентина, Иран, Сауд Арабиясы, Египет жана Бирикен Араб Эмирлиги БРИКСтин жаңы мүчөсү болорун РИА Новости бразилиялык UOL жаңылыктар порталына таянып жазды.
Маалыматты саммиттин жыйынтык документинен алышкан. Анда жаңы мүчө-өлкөлөр географиялык принцип менен жайгаштырылганы айтылды.
"БРИКС ага дагы жаңы беш мүчө кошулгандыгын жарыялайт... Такталган соңку тизмеге: Сауд Арабиясы, Аргентина, Иран, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет кирди", — деп айтылган маалыматта.
Порталдын билдиргенине караганда, географиялык тең салмактуулукту сакташ үчүн тизмеге дагы бир африкалык өлкө киргизилет.
Буга чейин Түштүк Африка ТИМинин башчысы Наледи Пандор БРИКС принциптери жазылган документти кабыл алып, уюмду кеңейтүү маселеси боюнча макулдашканын билдирген эле.
Эске салсак, 2023-жылы 22-августта Йоханнесбургда башталган БРИКСтин саммити бүгүн жыйынтыкталат. Аталган уюмга Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирген. Бирок соңку учурда экономикалык бул блокко 23 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген эле.