БРИКСке алты мамлекет чакыруу алды. Расмий билдирүү

Соңку кезде 23 мамлекет экономикалык уюмга мүчө болуу каалоосун билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. БРИКС мамлекеттеринин лидерлери Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, БАЭ жана Сауд Арабия мамлекеттерин альянстын толук кандуу мүчөсү болуп кирүүгө чакырды. Бул тууралуу Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, БАЭ жана Сауд Арабия мамлекеттерин БРИКСтин курамына кирүүгө чакырууну чечтик", — деди Рамафоса саммит учурунда.
Ошентип аталган өлкөлөр уюмдун курамына 2024-жылдын 1-январынан тарта кирмей болду.
Буга чейин ЖМКлар Аргентина, Иран, Сауд Арабия, Египет жана БАЭ БРИКСтин жаңы мүчөлөрү болорун жазышкан. Тизмеге дагы бир африкалык мамлекет кириши мүмкүн экени болжолдонгон.
БРИКС саммити 22-24-август аралыгында өтүп жатат. Ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка мамлекеттеринин лидерлери, Россиянын атынан ТИМ башчы Сергей Лавров барды. РФ президенти Владимир Путин саммитке онлайн режиминде катышып жатат.
БРИКС Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мамлекеттерин бириктирип келет. Соңку кезде 23 мамлекет экономикалык уюмга мүчө болуу каалоосун билдирген.
Америка БРИКСтен эмнеге чочулап жатат. Сенатордун ачыктамасы