Путин: БРИКС бардык мамлекетти тең караган дүйнө тартибин жактайт

Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитине катышты
РФ президенти БРИКСке каршы болгон "алтын миллиард" өлкөлөрү өз кызыкчылыгы үчүн эл аралык укук системасын өзгөртүүгө аракет жасап жатышканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. БРИКС тең салмактуу жана улуттардын көп түрдүүлүгүн сактоо менен мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алган дүйнө тартибин жактайт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин "бештик" лидерлеринин "БРИКС плюс" форматындагы жолугушуусунда айтты.
"Биз сиздер менен көп полярдуу дүйнө түзүлүшүнүн тарабындабыз. Бул дүйнө тартиби тең салмактуу келип, болушунча көп мамлекеттин суверендүү кызыкчылыгын эске алышы кажет. Өнүгүүнүн ар кыл моделин ишке ашырууга жол ачып, улуттук маданият менен каада-салттарды сактоого жардам бериши зарыл", — деди Путин.
Өлкө башчы БРИКСке каршы болгон "алтын миллиард" өлкөлөрү өз кызыкчылыгы үчүн эл аралык укук системасын өзгөртүүгө аракет жасап жатышканын айтты.
"Алтын миллиард" деп аталган өлкөлөр буга чейинки бир полярдуу дүйнөнү сактап калууга жан үрөп жатышат. Бул алар үчүн пайдалуу. Эл аралык укук системасын өз эрежелерине ылайыктоого, саясий конъюнктурага карата өзгөрүп келген эрежелерди киргизүүгө аракет кылышууда. Бул айрым бир өлкөлөрдүн гана кызыкчылыгын көздөйт. Сыртынан жаңы кагазга оролгон баягы эле колониализм", — деди Путин.
БРИКС саммити Йоханнесбургда 22-24-август күндөрү өтүүдө, ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка Республикасынын лидерлери катышууда. Россиянын атынан саммитке ТИМ жетекчиси Сергей Лавров барган, президент Путин видеобайланыш режиминде кошулуп жатат.
Түштүк Африкадагы БРИКС саммити
БРИКСке алты мамлекет чакыруу алды. Расмий билдирүү