БРИКСтин кулачы кенен жайылды. Саммиттин эң маанилүү учурлары

Планета элинин дээрлик 60 пайызы кирген БРИКС уюмунун саммити 22-августта башталып, 24-августта жыйынтыкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Йоханнесбургда үч күнгө созулган БРИКС саммити соңуна чыгып, өлкө лидерлери декларация кабыл алышты. Sputnik акыркы күндүн жыйынтыгын чыгармакчы.

Жаңы мүчөлөр

Буга чейин курамына беш мамлекет (Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка) кирген уюм алты мамлекет менен толукталмай болгонун Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса билдирди.
"Биз Аргентина, Египет, Иран, Эфиопия, БАЭ жана Сауд Арабия мамлекеттерин БРИКСтин курамына кирүүгө чакырууну чечтик", — деди Рамафоса саммит учурунда.

Кытайдын өнүгүүгө акча бөлүшү

Пекин өнүгүү жаатындагы глобалдуу демилгелерди ишке ашырууга багытталган фонддорду түзүп, бул максатта 10 миллиард доллар бөлө турган болду.
"Кытай 4 миллиард долларга Түштүк — Түштүк кызматташуусу жана глобалдык өнүктүрүү фондун түздү, финансы институттары жакын арада 10 миллиард долларлык фонддорду ачат, булар өнүгүү жаатындагы глобалдуу демилгелерге колдоо көрсөтмөкчү", — деди Кытай лидери Си Цзиньпин.

Химиялык курал

БРИКС мамлекеттери өзгөчө биологиялык жана химиялык курал жаатында куралсыздандырууну жана жайылтпоо аракеттерин күчөтүүгө чакырышты.

Космос чөйрөсү

Уюмга мүчө-мамлекеттердин лидерлери өз космостук агенттиктерин спутниктен алынган маалыматтар менен алмашуу боюнча кызматташууну бекемдөөгө чакырышты.
"БРИКСтин космостук агенттиктерин спутниктен алынган маалыматтар менен алмашууда жана аны пайдалануудагы кызматташууну мындан да чыңдоого үндөйбүз. Мындай аракет БРИКС өлкөлөрүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн маалыматтык колдоону камсыздайт", — деп айтылат декларацияда.

Чыр-чатактан жабыркаган өлкөлөргө жардам

БРИКС мамлекеттери түрдүү жаңжалдардан жабыр тарткан өлкөлөрдү калыбына келтирүүгө жардам берүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
"Чыр-чатактан кыйналган өлкөлөрдүн калыбына келишине жардам берүү маанилүү деп эсептейбиз жана эл аралык коомчулукту бул максаттарга жетүүдө колдоо көрсөтүүгө чакырабыз", — деп айтылат жыйынтыктоочу документте.
Путин: БРИКС бардык мамлекетти тең караган дүйнө тартибин жактайт