БРИКС эч ким менен атаандашпайт. Путиндин саммиттеги сөзүнүн урунттуу учурлары

Саммиттин жыйынтыгы менен лидерлер декларация кабыл алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. БРИКС эч ким менен атаандашпайт, өзүн да эч кимге каршы койбойт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Йоханнесбургда өткөн уюмдун саммитинде сүйлөп жатып айтты.
Төмөндө өлкө башчынын билдирүүсүнүн урунттуу учурларын келтиребиз:
БРИКС бардык мамлекетти тең караган жана улуттардын көп түрдүүлүгүн сактоо менен мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алган дүйнө тартибин жактайт;
БРИКСке өз кызыкчылыгы үчүн эл аралык укук системасын өзгөртүүгө аракет жасап жаткан "алтын миллиард" өлкөлөрү кастарын тигүүдө;
бүгүнкү күндүн колонизаторлору өз көйгөйүн бирөөнүн эсебинен чечип, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ресурсун соруп жатышат;
салттуу баалуулуктарды жок кылууга багытталган радикалдуу неолиберализм таңууланууда, бул жаңы дүйнө тартибин орнотууга тоскоолдук жаратат;
айрым өлкөлөр неонацизм, ксенофобияны актап, террорчулукка шыкакчы болууда;
БРИКСтеги бирдиктүү эсептешүү валютасы боюнча маселе татаал, бирок экономикалык биримдиктин өлкөлөрү бул багытта алдыга жыла бермекчи;
Россия Африка өлкөлөрү менен дүйнөлүк рынокту азык-түлүк жана үрөн менен камсыздоого дыкат көңүл буруп, азык-түлүк каатчылыгына жол бербөө үчүн бардык аракетин жасайт.
Эскерте кетсек, Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка өлкөлөрү кирген БРИКС уюмунун саммити 22-августта башталып, бүгүн, 24-августта, жыйынтыкталды. Өлкө лидерлери анын жыйынтыгы менен декларация кабыл алышкан.
БРИКСке алты мамлекет чакыруу алды. Расмий билдирүү