"Ош" базарында туруп регионго каттаган таксилер эми автобекеттен гана жолго чыгат

Буга чейин өз алдынча каттамга чыккан таксисттерге көзөмөл жок болгону белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Мындан ары Ош, Жалал-Абад облустарына каттаган таксилер Батыш автобекетинен гана жолго чыгышат. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ош" базарынын тегерегинде башаламан турган такси айдоочуларына автобекеттин ичинен орун берилүүдө. Өз алдынча каттамга чыккан таксисттерге көзөмөл болгон эмес. Алар бир суткада эки жолу каттамга чыгып, чарчаганына жана унаасынын техникалык абалына карабай айдап баратып, жолдон уктап кетип кырсыкка кабылган фактылар кездешип жатканы айтылды.
Ал эми автобекетте региондорго каттаган таксилердин баарына көзөмөл жүргүзүлүп, кезек-кезеги менен жөнөтүлүп, бардыгы атайын журналга катталып, унаалардын техникалык абалы да көзөмөлдөнүп турат.
Россияда 1-сентябрда таксилер тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Жаңы талаптар