Кыргызстанда окуучулар жыл сайын кыргыз тилинен экзамен тапшырат

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Окуучулар жыл сайын жогорку класска көчүп жатканда кыргыз тилинен экзамен тапшырат. Бул туурасында Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова билдирди.
Бул 1-класстан баштап 11-класстын окуучуларына чейин тиешелүү.
Орозобекова "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесине таянып милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска), бүтүрүү экзамендери киргизилерин айтты. Ал эми кесиптик жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу, ошондой эле бүтүрүү учурунда мамлекеттик тилди канчалык билери текшерилет.
Мындай норма эски мыйзамда дагы бар эле. Бирок көпчүлүк учурда аткарылбай келген.
Мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди