УКМК Бостерини "көзөмөлдөгөн" Макинтошту кармады. Видео

Макинтош мурда да оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгону белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Бостери айылынын "смотрящийи" аталган Макинтош каймана аты бар Майрамбек Мусадаров кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен айыпталууда. 2020-жылы Макинтош Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин алып берүүнү убадалап, бир жарандын 5000 доллар жана Audi С4 үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок акырында аталган жер тилкесин Көлбаевге өткөрүп берген.
Натыйжада Мусадаров кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал мурда да оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгону белгиленди.
Кочкордо эки аткаминер чекисттерге пара берип жаткан жеринен кармалды. Видео