23 млн. долларлык зыян. Издөөдөгү кыргызстандык Мадагаскардан табылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Издөөгө алынган кыргызстандык жаран Мадагаскардан табылып, мекенине кайтарылды.
ИИМдин маалыматында ал республикадагы банктардын биринин кызматкерлери (төрт кишиден турган топ) менен сүйлөшүп алып, Кыргызстандан акча алып чыккан деп шектелүүдө. Келтирилген зыян 23 миллион долларды түзөт.
Издөөдөгү кыргызстандыкты табуу жана мекенге кайтаруу иштерин Интерпол менен Башкы прокуратура биргеликте жүргүзгөн.
УКМК Бостерини "көзөмөлдөгөн" Макинтошту кармады. Видео