БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы азыркы абал боюнча маалымат берди
Саат 13:00гө карата "Ак-Тилек" пунктунда Казакстанга өтүү үчүн 493 машина (кечээ 430 болчу) кезекте турат. Ал эми "Кең-Булуң" өткөрмө бекетинде 146 фура бар. Бир сутканын аралыгында Кыргызстандан 112 автоунаа чыга алды.
Чек ара кызматы Кыргызстан тараптан эч кандай чектөө жок экенин, өткөрүү бекеттери кадимки режимде иштеп жатканын дагы бир ирет эскертти. Ведомство "Ак-Тилекте" айдоочуларга жардам берүү үчүн чатырлар тигилгенин белгиледи.
Казак тарап кечээ кырдаал боюнча комментарий берген. Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаевдин айтымында, жүздөгөн фуралардын чек арага топтолуп калышына Улуттук коопсуздук комитетинин баңгизатка каршы операция жүргүзүп жатканы себеп болууда. Ал "коммерциялык жүктөр боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун" кошумчалаган.