КР менен РФтин акыйкатчылары кызматташуу боюнча протоколго кол коюшту. Видео

Тараптар адам укуктарынын кепилдиктерин Россияда да, Кыргызстанда да жогорулатып, адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган пландарды так билишерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын акыйкатчылары 2023-2024-жылдарга карата эки өлкөнүн укук коргоо институттарынын кызматташуусу жөнүндөгү протоколго кол коюшту. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Жамиля Жаманбаева менен Татьяна Москалькова документке Москвадагы Адам укуктары үйүндөгү жолугушууда кол коюшту. Россиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү бул окуяны тарыхый деп атады.
"Кечээ күнү Кыргызстандын жарандарын кабыл алууда адамдарды түйшөлткөн көйгөйлөрдү аныктоого жардам берди. Биз көйгөйлөрдү чечүү үчүн ИИМ, диаспора, Кыргызстандын акыйкатчысынын жана менин аппаратымдын өкүлдөрү менен иш-чаралардын чоң планын белгиледик", — деди Москалькова.
Ал ошондой эле тараптар адам укуктарынын кепилдиктерин Россияда да, Кыргызстанда да жогорулатып, адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган пландарды так билишерин белгиледи.
"Россия кыргызстандыктарды ишке орношуу, медицина жана билим тармагы менен кызыктырат. Биздин мамлекеттер КМШнын аймагындагы дээрлик бардык интеграциялык аянтчалардын катышуучусу болуп саналат. Бир гана укук тармагы калып бараткан, эми ал дагы бүгүн толукталып отурат. Адам укуктарынын кепилдиктерин Россияда да, Кыргызстанда да жогорулатып, адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган пландарды так билебиз", — деди ал.
Акыйкатчы аял баласын карап отурган учурду эмгек стажы катары эсептөөнү сунуштады