ЕАЭБдеги эт импортунун келерки жылдагы квотасы аныкталды. Сандар

Алдын ала берилген божомолдорго таянсак, быйыл этти керектөө көлөмү артканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы келерки жылы ЕАЭБде эттин бир катар түрүнө жана сүттүн сары суусуна тарифтик квоталарды белгилөө жана бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Божомолдорго таянсак, быйыл канаттуунун, уйдун, чочконун эти жана сүттүн сары суусу арбын өндүрүлгөн. ДСУга кирүү жөнүндө протоколдордо белгиленген Армения, Беларусь жана Кыргызстан үчүн суралган көлөмдөрдү эсепке алып, өндүрүш менен керектөөнүн айырмасынын чегинде Казакстан жана Россия үчүн 2024-жылдагы көлөм аныкталды.
Кыргызстанга берилген квота:
Кара малдын эти — 5 миң тонна;
Чочконун эти — 2 миң тонна;
Эт жана тооктун ич эти — 58 миң тонна.
Сүттүн сары суусуна квота Армения, Россияга гана каралган. ЕАЭБдин ар бир мамлекети боюнча маалыматтарды ЕЭКтин сайтынан тапса болот.
Радио
Электромобилдерди алып келүүгө жеңилдик берүү эки жылга узартылды