Кытайдын Кашкар шаарында "Кыргыз почтасынын" өкүлчүлүгү ачылды

Стратегиялык маанидеги локация атайын экономикалык аймакта жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кытайдын Кашкар шаарында "Кыргыз почтасы" мекемесинин өкүлчүлүгү ачылды. Бул туурасында санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов билдирди.
Анын айтымында, бул электрондук сооданын кулачын кеңейтүүдө маанилүү роль ойноп, бизнес жана керектөөчүлөр ортосундагы кызматташтыкты арттырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
"Азыркы жасаган кадамдарыбыз Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү учуру болуп саналат", — деди министр.
"Кыргыз почтасынын" өкүлчүлүгү Кашкар шаарындагы атайын экономикалык аймакта жайгашкан. Стратегиялык маанидеги локация эки өлкөнүн почталык операцияларын натыйжалуу жүргүзүүгө жана кардарларды тейлөөгө жагымдуу шарт түзөрү белгиленди.
Кытайдагы ЭКСПОдо Кыргызстан "мыкты делегация" аталды. Павильондун сүрөттөрү