Бүгүнкү күндө кызамык боюнча 1 704 учур катталды. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, барган сайын эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүүдө.
"Эмдөөдөн биздин гана эл эмес, чет өлкөлөрдө да баш тарткандардын саны өсүүдө. Мунун себебин бир канча жылдан бери аныктаганга аракет кылып келебиз. 2016-жылдан берки изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстандагы эмдөөдөн баш тарткандардын 70 пайызы диний көз карашка байланыштуу. Калган 30 пайызын ар кандай кооптонуу жана миграция маселелери түзөт. Айрымдар биздеги вакциналар сыналып жатат деп кооптонушат. Мындай түшүнүктөрдүн баары туура эмес. Динде деле айланадагыларга зыян алып келбеш керек деп айтылган экен. Болочок энелер да бул боюнча ойлонушу зарыл. Анткени анын иммунитети сүт аркылуу түздөн-түз баласына өтөт. Бардык адамдар эмдөөгө маани бериши керек", — деди Ишенапысова.
Ал эмдөөнүн биринчи дозасын бала бир жашында, ал эми экинчи дозасын алты жашында алышы керектигин кошумчалады.