Бишкекте Курск салгылашуусунун 80 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бишкекте "Курск салгылашуусу — 1943-жылдагы кандуу жай" аттуу сүрөт көргөзмө ачылды.
Иш-чара Курск салгылашуусунун 80 жылдыгына карата Мамлекеттик тарых музейи менен Россиянын "Гармония" маданий борбору тарабынан уюштурулду.
Коноктор үчүн 25 стенд коюлган. Анда негизги окуялар жана салгылашуудагы каармандар жөнүндө маалыматтар камтылган. Салгылашууга катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган өзүнчө стенддер да бар.
1 / 3

Коноктор үчүн 25 стенд коюлган

2 / 3

Анда негизги окуялар жана салгылашуудагы каармандар жөнүндө маалыматтар камтылган

3 / 3

Салгылашууга катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган өзүнчө стенддер да бар

Көргөзмө 28-августка чейин иштейт.
Курск салгылашуусу Улуу Ата Мекендик согуштагы ири кармаш болуп саналат. Ал 5-июлдан 23-августка чейин созулган.
Алайда Улуу Ата Мекендик согуштун 103 жаштагы ардагери дүйнө салды