БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ысык-Көл ОИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору жашы жете электердин мыйзамсыз иштеп жүрүшүнө каршы "Өспүрүм эмгек" рейдин өткөрүп жатат. Бул туурасында облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, август айынын ичинде ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын болжолдуу жумуш орундарына интенсивдүү текшерүү жүргүзүлдү. Жалпы 2 187 объект текшерилип, тиешелүү уруксат документтери жок иштеп жаткан 271 жашы жете элек бала аныкталды.
"Рейддерди өткөрүү инспекторлорго укук бузууларга ыкчам чара көрүүгө жана жагымсыз кырдаалга туш болгон балдарга жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул алардын келечегине кам көрүүгө жана социалдык статустун андан ары төмөндөшүнө жол бербөөгө багытталган. Туруктуу рейддер жаңы муундун өсүшү жана өнүгүшү үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү камсыз кылуунун маанилүү куралы болуп калды", — деп айтылат маалыматта.
Бул иш-чаралардын негизги максаты жайкы каникул учурунда эс алып жаткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле алардын ден соолугуна зыян келтирген шарттарда иштетүү учурларын аныктоо болуп саналат.