Салттуу билимдер — Кыргызпатенттеги жаӊы объект. Кыргызпатент өлкөнүн интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрине киргизүүнүн тартиби жөнүндө токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында салттуу билимдердин мамлекеттик реестри түзүлүп, аларды каттоо жана колдонуу укугун берүүгө арналган расмий документ бекитилди. Бул тууралуу Артык Базаркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда реестрде 452 салттуу билим каттоодон өткөн.
"Салттуу билимдер интеллектуалдык менчикке кирип ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, селекциялык жетишкендиктер, товардык белги, тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товарлардын чыккан жеринин аталышы, автордук укук, чектеш укуктар менен биргеликте катталат. Буга чейин 2007-жылы Борбор Азияда биринчилерден болуп өлкөдө "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Мыйзам Кыргызстанда салттуу билимдерди коргоого, колдонууга жана коргоого байланышкан мамилелерди жөнгө салып келет. Эми ага кошумча салттуу билимдерди Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) каттоонун негизинде коргойт. Каттоо үчүн өтүнмөнү жергиликтүү коомдоштуктар, салттуу билимге ээ жеке же юридикалык тарап (КРдин жараны, чет өлкөлүк адам), мамлекеттик органдар, мекемелер бере алышат. Салттуу билимдерди пайдаланууга укук алуу үчүн да өтүнмө жөнөтүү зарыл. Өтүнмө берүү жана аны карап чыгуу үчүн 1 080 сом, каттоодон өткөрүү жана күбөлүк берүү — 900, салттуу билим тууралуу расмий бюллетенге жарыялоо — 540, күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу — 863, салттуу билимди пайдаланууга келишимди каттоого 1 080 сом алым алынат", — деди Базаркулов.
Ал Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин адистери экспедицияга чыгып, салттуу билимдерди санариптештирип базага киргизип жатканын кошумчалады.