БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. АКШ Украина чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу процессин Россия чабуулун ийгилик менен аяктап, Путин жамааттык Батышты жеңгендигин жар сала электе башташы керек. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жогорудагыдай пикирди АКШ мамдепартаментинин консультанты Уэсли Саттервайт жана Германиянын Люнебургундагы Лейфана университетинде эмгектенген демократияны изилдөө боюнча аналитик Алекс Бурилков National Interest басылмасындагы макаласында белгилеген.
Алардын айтымына караганда, Россиянын согушту түштүктө гана жүргүзүп жатканына эмес, түндүктөгү кадамдарына, ал жакка чабуул жасай баштагандыгына да көңүл буруш керек. Россия коомчулугу менен экономикасы салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда, ал эми өлкө президенти Владимир Путин атайын операцияда койгон максаттарына жетүүгө умтулуусунан жазган жок.
"Эгерде россиялык аскерлер Москва максаты катары мурда белгилеп койгон Украинанын аймактарына чейин тереңдеп кирип барса, анда чатак Россиянын маанилүү болгон жеңиши менен аяктайт . АКШ менен НАТО альянсынын беделине болуп көрбөгөндөй доо кетет. Себеби украиналык куралдуу күчтөрдүн колунда НАТОнун курал-жарагы турат. Ал эми Россия Батышка жалгыз өзү туруштук берип, жеңип алганын айтат", — дешти эксперттер.
Алар америкалык көз караштан алганда чатакты "корей сценарийи" менен чечкен алда канча жакшы болмоктугун белгилешкен. Чек араларды фронттун линиясы менен белгилеп, Украинаны төрт облусунан баш тарттырып, аны Батыштын коопсуздук кепилдигине айырбаштоо керектиги айтылган.
"Бул америкалык көз караштан алганда жаман деле жыйынтык болмок эмес. Вашингтон акырындап Москва менен болгон чыңалууну жазып, алаканы жылытып, европалык коопсуздуктун келечеги боюнча диалогду калыбына келтирмек. Негизи АКШнын келип эле Тынч океанга көңүл бурганы маанилүү", — дешкен макаланын авторлору.
Буга чейин Кремлден Украинада азыр тынч нукка өтүүгө өбөлгөлөр жоктугун белгилешкен. Россия үчүн азыр атайын операцияда башында коюлган максат баарынан маанилүү болуп турганын, ага согуштук жол менен гана жетүүгө болорун айтышкан.
Москва Украинадагы чатакты тынчтык нугуна салууга аракет кылган мамлекеттердин далалатын жогору баалаарын, бирок бул азырынча мүмкүн эместигин айтып келет.