Радио

ММК полисинин баасы канча жана аны кимдер ала алат? Түшүндүрмө

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Чүй аймактык башкармалыгынын сапат экспертизасы бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Асанова ММК полисин жарандардын кайсы категориясы милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш экендигин айтты.
Sputnik
Бүгүнкү күндө ММК полисинин баасы Кыргызстандын жарандары үчүн 12 календарлык айга — 1722 сом. Бул тууралуу Жылдыз Асанова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн 16 391 сом.
"Азыркы кезде жарандардын төрт категориясы ММК полисин милдеттүү түрдө сатып алууга тийиш. Буларга 18 жаштан жогору иштебеген жарандар, күндүзгү-сырттан же аралыктан окуган студенттер, милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр келип түшпөгөн жеке уюмдарда, ишканаларда жана базарларда иштегендер кирет. Акыркы категорияда Кыргызстандын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар бар. Бул тизмеге билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүктөр да кошулат", — деди Асанова.
Ал калктын дээрлик 50 пайызы мамлекет тарабынан камсыздандырылган болуп саналарын кошумчалады.