Мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди

Жаңы окуу жылында ижара акыны көтөрүү пландалган эмес. Бирок келечекте баанын жогорулашы менен ижара акынын өлчөмү өсүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мектептериндеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Тийиштүү буйрукка министр Каныбек Иманалиев кол койду.
Окуу китебинин ижара акысын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген.
"Мектептерде окуу китептеринин ижара акысын киргизүү жаңы китептерди сатып алууга шарт түзөт. Ижара акы бир окуу китебинин баасы 125 сом болуп турганда белгиленген. Беш жылдык ижара акысы окуу китебинин баасын толугу менен актайт деп болжолдонду", — деп айтылат маалыматта.
Жаңы окуу жылында ижара акыны көтөрүү пландалган эмес. Бирок келечекте баанын жогорулашы менен ижара акынын өлчөмү өсүшү мүмкүн.
Чүйдөгү мектептерде Манастын уюмдары иштей баштады. Максаты