Министрлик: Кыргызстан Казакстандын алдында суу боюнча милдеттерин толук аткарды

Киров суу сактагычына кирген суу өткөн жылга салыштырмалуу 20 эсеге азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Киров суу сактагычында бүгүнүкү күндө 14,5 миллион куб метр суу бар. Негизи долбоор боюнча 550 миллион болушу керек эле. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Киров суу сактагычынан 21-апрелден тарта суу бериле баштаган. Анда суунун көлөмү 445,6 миллион куб метр болчу. Суу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда кол коюлган суу бөлүштүрүү боюнча графикке жана протоколго ылайык берилген.
"Кыргызстан Казакстандын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарганын белгилейбиз", — дешти министрликтен.
Учурда Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 92,1 миллион куб метрге аз. Бүгүнкү күндө секундасына 0,7 куб метр суу кирип жатат (2022-жылы 13,7 кубметр болчу).
Белгилей кетсек, кечээ "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунун алдында 370 машина кезекке туруп калган. Казак тарап 10 саатта болгону 3 фура өткөргөн. Айрым ЖМКлар айдоочуларга таянып "Кыргызстан суу бербей жатат деп чек арасын жаап алганын" жазышкан. Бүгүн чек арага 430 автоунаа топтолду.
Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек тууралуу үн катты